Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таянини Европа күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таяниге Европа күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. 
«Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин кызматташуусу бекемделип, биз тараптардын кызыкчылыгына жооп берген көптөгөн чөйрөлөрдө тыгыз байланышты тереңдете алганыбызга өзүмдүн канааттанганымды билдирем. 
Кыргыз Республикасы мындан ары да Европа бирлиги менен өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин тастыктайм», -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таяниге чың ден-соолук жана жооптуу ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2018-жыл 9-май