Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Кытайга учуп кетти, ал ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына учуп кетти.

Мамлекеттик визиттин алкагында Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациянын курамы:

 

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Президенти, 

Абдылдаев Эрлан Бекешович -     Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,

Сыдыков Данияр Батырович -      Кыргыз     Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы,

Аскаров Замирбек Марипбаевич -         Кыргыз Республикасынын вице- премьер-министри,

Усенов Азамат Эркинбекович -     Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси,

Керезбеков Канат Керезбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

Жунус уулу Адьш -        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

Масалиев Исхак Абсаматович -     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

Жапаров Акылбек Усенбекович -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

Нурматов Кубанычбек Кашымбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

Мадумаров Акрам Камбаралиевич -Кыргыз Республикасынын Мамлекетгак кадр кызматынын директору,

Касымалиев Адылбек Алешович -         Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович -      Кыргыз Республикасынын экономика министри,

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович -  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри,

Калилов Жамшитбек Калилович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;

Чолпонбаев Космосбек Сариевич -        Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри,

Исакунова Таалайкул Базаркуловна -   Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри,

Рыскулов Уланбек Дуулатович -   Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

 

 

 

 

 

 

2018-жыл 6-июнь