Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоого алуу боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 13-июнда кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоого алуу боюнча эксперттик жумушчу топтун алгачкы жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында эксперттик жумушчу топтун түзүлүшүнүн негизги максаттары, багыттары жана мындан ары иш жүргүзүү тартиби талкууланды. Ошондой эле кеңеш мүчөлөрүнүн арасында милдеттер бөлүштүрүлдү.

Бул эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен сот жана укук коргоо органдарында жүргүзүлгөн реформанын алкагында жана объективдүү кылмыш-укуктук статистиканы  түзүү боюнча чараларды мындан ары өркүндөтүү, кылмыштуулуктун абалын, анын себептерин, шарттарын, аны  менен  күрөшүүнүн каражаттарын жана методдорун талдоонун методикасын жакшыртуу максатында  түзүлгөн.

Эксперттик жумушчу топтун курамына  аткаруу, сот бийлигинин кызматкерлери, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жана ошондой эле илимий коомчулуктун  өкүлдөрү кошулду.

2018-жыл 13-июнь