Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Аргентинанын Президенти Маурисио Макриге өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Аргентина Республикасынын Президенти Маурисио Макриге өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

«Сизди Аргентинанын эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргызстан менен Аргентинанын ортосундагы түзүлгөн ынак достук мамилелер эки элдин бакубаттыгы үчүн өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу нугунда өнүгө берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми Аргентина элине бейпилдик жана өнүгүү каалайм», — деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында.

2018-жыл 9-июль