Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражатты Бишкек менен Чүй областында мектептерди оңдоп, курууга жумшалат

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражатты Бишкек менен Чүй областында мектептерди оңдоп, курууга жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууга катышкан жергиликтүү жашоочулардын бири коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты боюнча атайын эсеп ачылганын, ал боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты.

Мамлекет башчысы Бишкек менен Чүй областында мектептердин жетишсиздигин белгилеп,  коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражаты Бишкек менен Чүйдө мектептерди оңдоп, курууга жумшалаарын белгиледи.

2019-жыл 9-январь Сокулук