Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана дос Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизди жана дос Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктайм. Согуш жылдарындагы фронтто жана тылдагы болуп көрбөгөндөй баатырдык жана эрдик, өз өмүрүн курмандыкка чалуу жана кайраттуулук биздин элдердин тарыхында түбөлүктүү орун алды. Биздин элдердин согуш жылдарында оор сынактан өткөн салттуу достугу жана өз ара колдоо көрсөтүүсү мамлекеттердин ортосунда мындан кийинки өз ара кызматташууну өнүктүрүүдө жана чыңдоодо бекем пайдубал болуп берерине ишенем. Сизге, согуштун ардагерлерине жана Кыргызстандын бүткүл элине тынчтык, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Азербайджандын Президенти Ильхам Алиевдин телеграммасында.

2019-жыл 9-май