Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-февралында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтарын уюштурууга, келишпестиктерди жок кылуу жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кесиптик кызмат өтүү боюнча эрежелерди аныктоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 11-май