Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашып, жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

Эске салсак, 21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтөт.

2020-жыл 24-январь