Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.

2021-жыл 2-апрель