Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Энелер Күнүнө карата кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 20-майында республикабызда алгачкы ирет белгилене турган Энелер Күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын Кайрылуусунда мындай деп белгиленет:

“Урматтуу мекендештер!
Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз. “Апа” деп тил чыкканда алгачкы сөзүбүз менен бизди жарык дүйнөгө жараткан, эң жакын, өмүрүн бизге арнаган адамыбызга кайрылабыз.
Энелер Күнү жөнүндө Президенттин Жарлыгына кол коюп жатканда апамдын жаркын элеси эсиме түштү. Апам, баардык энелер сыяктуу эле, өмүрүн балдарына, үй-бүлөсүнө, элине арнаган.

Энелер Күнү– баардыгыбыз үчүн өзгөчө күн. Бул Күн кыргызстандыктардын болочок муундары үчүн дагы өзгөчө күн болуп калууга тийиш. Энелер Күнү – биринчи кезекте бизди биримдиктүү эл катары калыптанууга, көптөгөн  сыноолорду баштан кечирүүгө, миңдеген жылдар бою мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга дем берген дөөлөтүбүздүн күнү. Эзелтен элибизде адамдын руханий дөөлөтү өз жерине, өз элине, өз энесине жасаган мамилесине жараша бааланган. Балдардын бизге карата мамилеси биздин ата-энебизге жасаган мамилебизге жараша калыптанат. Энени сыйлап-кадырлоо – бул киндик каны тамган жерин сүйүү, өлкөсүн көздүн карегиндей сактоо, элин урматтоо жана өз  келечегине кам көрүү.

Ардактуу мекендештерим!
Мезгил өткөн сайын күндөлүк түйшүк менен алек болуп жүрүп, эң негизги нерсени - энебизге ойдогудай көңүл бурбаганыбызды түшүнө баштайт экенбиз. Баардыгыбыз Энелер алдында карыздарбыз. Муну эстеп жүрүү - ар бирибиздин  милдетибиз. Мамлекет дагы муну эсинен чыгарууга акысы жок. Көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекеттин чамасы азырынча жетпей жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Бирок биз бул маанилүү ишти баштоого, бардыгыбыз жапа тырмак киришүүгө тийишпиз. Өкмөт энелерге көмөк көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого милдеттүү. Кыргызстандын энелери бийлик жана коом алардын көйгөйүн билээрин, түйшүгүн женилдеткенге аракеттенгенин сезүүгө тийиш. Бул энелер алдындагы биздин парзыбыз. Ыйык парзыбызды биз сөзсүз аткарууга милдеттүүбүз.

Энелер Күнү Европанын көпчүлүк мамлекеттеринде, АКШда, Канадада, Түркияда, Кытайда, Японияда белгиленет. Адамзат Энелер Күнүн жаздын жаркыраган айында, жаратылыш жаңыланып, жаңы үмүттөрдү жараткан маалда белгилегени жакшы жышаан. Жаңы майрам –Энелер Күнү турмушубузга аралашып, келечекте жакшы салтка айланаарына ишенем.
Мына ушул күнү бардык Энелерге чың ден соолук жана бакыт-таалай каалайм. Ылайым балдарыңар Сиздердин сыймыгыңар, тирегиңер жана  кубанычыңар болсун.

Ардактуу Энелер, баардыгыңыздарга тынчтык жана жакшылык каалайм!”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

18-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу