Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 16-майында, Москвада шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуу өткөрдү 

Россиянын Өкмөт башчысы акыркы кезде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп бара жаткандыгын белгиледи. “Бизде талкуулай турган маселелер арбын. Ошондуктан өлкөлөрүбүздүн социалдык-экономикалык алакасын талкуулоону сунуш кылам. Биз маселелердин чечүү үчүн тиешелүү аракет жумшаарыбызга ишенем”,- деп баса белгиледи Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Дмитрий Медведевди Россиянын Өкмөт башчысынын кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. “Эми биз биргелешкен аракеттер менен мурда жетишилген макулдашууларды аягына чыгараарыбызга  толук ишенем”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

16-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу