Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

2012-жылдын 15-майында, Москвада шаарында ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышып жүргөн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун маанисин белгилешти.

Кыргызстандын Президенти Владимир Путинди Россиянын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди расмий визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

16-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу