Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өткөрүлгөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезексиз юбилейлик сессиясына катышты.

Сессия Жаматтык коопсуздук жөнүндө Келишимге кол коюунун 20 жылдыгына жана ЖККУ түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналды.

Жыйындын ишине Россиянын, Армениянын, Белорусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышышты.

Сессиянын көңүл борборунда – азыркы эл аралык жагдайдын актуалдуу проблемалары, глобалдуу жана регионалдык  чакырыктарга жана Уюмдун мүчө-мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүү боюнча  мындан аркы кадамдар.

ЖККУнун уюшулган мезгилден берки ишмердигинин негизги жыйынтыктары талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык коопсуздуктун түйүндүү проблемалары боюнча жамааттык ыкмалар белгиленген “Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын декларациясы” кабыл алынды. 

Сессиянын жүрүшүндө мамлекет башчылары жамааттык коопсуздукту чыңдоого, эл аралык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап турууга, чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга, ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлоонун  эң жогорку формасы катары,  Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Ардак белгисин уюштуруу тууралуу чечим кабыл алышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясын 2012-жылдын экинчи жарымында Москва шаарында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

16-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу