Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Парламентинин тышкы маселелер боюнча Комитетинин төрагасы Волкан Бозкыр жетектеген Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясын кабыл алды.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы мамиле жакшы өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Август айында Түркиянын Президентинин Кыргызстанга  расмий сапары күтүлүүдө. Күзүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Стартегиялык Кызматташуунун Жогорку Кеңешин өткөрүү болжолдонууда. Июнь айында  түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын үчүнчү жыйыны, ал эми август айында Түрк тилдүү Өлкөлөрдүн Кызматташуу Саммити өткөрүлөт. Аталган иш чаралар түрк дүйнөсүндөгү маанилүү окуялардан болуп калмакчы. Мына ушул иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстан аталган уюмдарда төрагалык милдетти өткөрүп алат.

“Эң оболу Кыргызстан менен Түркиянын  мамилеси жогорку деңгээлде экендигин белгилеп коюуга тийишмин. Мына ушул өңүттөн алганда, сиздердин келишиңиздерди Түркиянын Парламентинин Кыргызстанда парламентаризмди  чыңдоого  колдоо көрсөтүүсү катары кабыл алса болот”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Волкан Бозкыр Президентти Түркия Парламентинин тышкы маселелер боюнча Комитети  тарабынан 51 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү  Кыргызстандын тышкы карызын жоюу тууралуу Макулдашуу колдоого ээ болуп, пленардык жыйындын графигине киргизилгенин маалымдады. Жакын арада аталган  Макулдашуу өлкөнүн парламентинде ратификацияланат.

“Биз парламенттер аралык мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Мына ошол максат менен биз жакын арада Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги кесиптештерибиздин Түркияга келишин күтөбүз”,- деди Түркиянын Парламентинин депутаты.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

14-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу