Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Нурсултан Назарбаев пресса үчүн биргелешкен билдирүү жасашты

Бүгүн, 2012-жылдын 10-майында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев пресса үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Президент Нурсултан Назарбаев биздин өлкөлөрдүн элдери атам замандан бери эле достукта жана өз ара түшүнүшүүчүлүктө жашап келгендигин белгиледи. «Биз мындан ары да бири-бирибизди эл аралык аренада колдойбуз жана эл аралык достугубузду чыңдайбыз», - деп айтты Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Президенти ошондой эле туризм, айыл чарбасы жана гидроэнергетика чөйрөсүндө жигердүү кызматташуу жөнүндө келишимдерге жетишилгендигин билдирди. Андан тышкары Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында 90 күнгө чейинки мөөнөттө жүрүү тартиби, ошондой эле чек арага чектеш кызматташтык маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүүсү жөнүндө айтып,  Казакстандын башчысы бул маселеде  Кыргызстанга  Казакстан Республикасы тарабынан консультативдик жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев тараптар бардык негизги маселелер боюнча толук колдоо жана өз ара түшүнүшүү таба алышкандыгын белгиледи. Жаңы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү Биргелешкен билдирүүгө кол коюу – мунун  күбөсү. «Сөздөн ишке өтө турган учур келди. Казакстандык бизнесмендердин Кыргызстандын экономикасына инвестициялары көбөйө баштайт, деп мен үмүт кылам», - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакын арада Жогорку мамлекеттер аралык Кеңеш жана Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеш өткөрүү чечими кабыл алынды. Андан тышкары, Казакстандын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу, ал эми Кыргызстанда  Абайга айкел орнотуу жана көчөлөрдүн бирин Чокан Валихановдун ысымы менен атоо чечилди.


КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

10-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу