Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга расмий иш сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий жолугушуу салтанаты болуп өттү.

Астана шаарында, Президенттин “Ак ордо” сарайында, Салтанат аземдер залында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев тосуп алды.

Ардактуу кароолдун рота зардалынын саламдашуу рапортунан кийин Республикалык гвардиянын оркестри эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан ары мамлекет башчылары Ардактуу кароолдун катарын бойлой «камин залына» өтүштү, ал жерде “жалгыздан, көзмө көз” форматында сүйлөшүүлөр башталды.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

10-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу