Президент Алмазбек Атамбаев РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

2012-жылдын 9-майында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Дмитрий Медведевди Жеңиш Күнү менен жана Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы кызматына бекигендиги менен жылуу куттуктады.  Ага бул жогорку мамлекеттик кызматта ак жол жана ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаев жана Дмитрий Медведев эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө бекем ниеттенгендигин билдиришти.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

10-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу