Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев православ христиандарын Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 6-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн православ христиандарын Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Салттуу түрдө Православиянын эң ардакталган майрамдарынын бири – Ыйса пайгамбардын туулган күнүн адамдар эң жаркын кыялдары жана   жакшы үмүт-тилектери менен байланыштырган. Пайгамбардын туулган күнү – бул жаңылануунун, жакшылык менен сый-урматтын салтанатынын майрамы!

Пайгамбардын туулган күнү ар бирибизде жакшылыкка жана адилеттикке ишенимибизди артып, эң жаркын үмүттөрүбүздү жана жаратман максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн бизге күч-кубат берүүсүн чын дилимен каалайм!

Майрамыңыздар менен! Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 6-январь