Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун коомдук талкуулоо мөөнөтү 2013-жылдын 10-январына чейин узартылды

Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдардагы мезгилге туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынан, эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүнөн келип түшкөн көп сандаган сунуш-пикирлерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Стратегиянын долбоорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү 2013-жылдын 10-январына чейин узартылгандыгын билдирет.

Өз сунуш-пикирлериңиздерди 63 91 15 телефону боюнча жана strategy@adm.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүүңөрдү өтүнөбүз.

2012-жыл 26-декабрь