Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын, Кытайдын жана Азербайжандын башчылары Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы жыл менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  келе жаткан 2013-Жаңы жылы менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Канаданын генерал-губернатору Дэвид Джонстон куттукташты.

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын элинин атынан Президентке “чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү” каалады.

 

2012-жыл 27-декабрь