Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы жыл менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден 2013-Жаңы жыл менен куттуктоо келип түштү.
 
Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Жаңы жылыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Россия менен Кыргызстандын өз ара кызматташуусунун жыйынтыгы эң жогорку баага татыктуу. Эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү маселелерин чечүүгө жетишкен сентябрь айындагы Бишкекке жасаган сапарымды канааттануу менен эстейм.

Жетишилген  келишимдерди ырааттуулук менен  ишке ашыруу Россия-Кыргызстан мамилелерин мындан ары союздаштыктын жана  стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында, Борбордук Азия регионундагы  стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун кызыкчылыктарында өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем.

Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук жана ийгилик, боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана бакубат турмуш каалайм.

Урматтоо менен,

В. Путин".

2012-жыл 29-декабрь