Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстандын Президенти Алмазбек АтамбаевдиЖаңы жылы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы 2013-жылы менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев куттуктады.

Россия Өкмөтүнүн Башчысынын куттуктоосунда мындай деп белгиленген:  “кетип жаткан жылда россиялык-кыргызстандык мамилелери ийгиликтүү өнүктү. Бүтүндөй бир катар тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттерди күчөтүү жөнүндө маанилүү макулдашууларга жетишилди. Кыргыз өнөктөр менен бирге аларды жүзөгө ашыруунун үстүндө иштөөгө даярбыз”.

“2013-жыл  Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгын биздин өлкөлөрдүн элдеринин таламдарында чыңдоо жолундагы жаңы жетишкендиктер менен белгиленээрине” бекем ишенгендик билдирилген.

 

2012-жыл 27-декабрь