Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индияда окууга конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу комиссиясы 2013-2014-академиялык жылга ICCR (Indian Council for Cultural Relations) программасынын алкагында стипендиялык окууга конкурс жарыялайт. Тандалып алынган талапкерлерге GCSS (General Cultural Scholarship Scheme) схемасынын алкактарында эки тарапка авиабилет жана окуусу үчүн стипендия берилет.  

Талапкерлерге талаптар:

  • жогорку билим;
  • англис тилинде эркин сүйлөө.

Талапкерлер үчүн зарыл документтер:

  • анкета сүрөтү менен 6 нускада (электрондук форматта толтурулуп, СD дискте Microsoft Office Word форматында электрондук версиясы тиркелет);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • жогорку билими жөнүндөгү дипломунун көчүрмөсү;
  • орто билими жөнүндөгү аттестатынын көчүрмөсү.

Эскертүү: катышуучулар күбөлөлүүрүлгөн  англисче котормосу менен квалификация ыйгаруу жөнүндөгү акыркы экзамендердин окуу программасын кошуп алганда тийешелүү бардык сертификацияланган документтердин көчүрмөлөрүн тапшыруусу керек.

Документтер 2013-жылдын 18-январына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек ш., Чүй пр., 205 (Ак үй) конвертке «Конкурс, Индия, № 629-бөлмө» деген белги коюлсун.

Сурап-билүү телефондору: (312) 63-91-81, (312) 93-87-37.

Жүктөө

2012-жыл 28-декабрь