Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 31-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бажы кызматынын ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу бажы кызматынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! 

Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоодо сиздердин ролуңуздар абдан чоң. Сиздер өз жумушуңуздардын маанисин абдан жакшы түшүнөсүздөр жана мыйзамдуулукту камсыздоо, өлкө кызыкчылыктарын татыктуу коргоо үчүн колдон келгендин бардыгын жасайсыздар деп мен ишенем.

Өлкөнүн бажы кызматынын ырааттуу иши Кыргызстандын күчтүү жана өнүккөн мамлекет  жана эл аралык рынокто ишенимдүү өнөктөш болушуна жардам берет. 

Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жемиштүү иштеп берүүңүздөрдү каалайм!

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                                                 Алмазбек Атамбаев”

2012-жыл 31-декабрь