Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 31-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушту.

Жолугушууда 2012-жылдын жыйынтыгы жана өлкө жетекчилигинин келе жаткан 2013-жылга иш мерчемдери талкууланды.

2012-жыл Кыргызстандын жарандары үчүн жөнөкөй эмес болгондугу, бирок эң башкысы – саясый туруктуулук сакталып жана экономиканы өнүктүрүү жана ири, анын ичинде Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз түзүлгөндүгү белгиленди.

“Кыйынчылыктарга карабастан, өлкө туура багытта бара жаткандыгына, келерки жылы мыйзамдын артыкчылыгын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана өлкөнүн экономикасын кыйла туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча дагы көбүрөөк иштеш керек экендигине ынандык. Мына ушуга өлкө жетекчилигинин да, ошондой эле ар бир жарандын да күч-аракети жумшалышы керек”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин бардык үч бутагынын башчыларына жаңы жылда Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн  ийгиликтерди каалады.

2012-жыл 31-декабрь