Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө эч кандай компромисс болбош керек”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Мамлекет башчысы Ички иштер министрлигине бул кылмышты терең  иликтеп, кылмышка тиешеси бар адамдарды табууга баардык күч-аракетти жумшоо боюнча тапшырма берди.

“2010-жылы башталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө эч кандай компромисс болбош керек”, – деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 12-январь