Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Эмомали Рахмон,

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгы менен менин чын дилден куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Өткөн 20 жыл ичинде биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда жакшы коңшулук мамилелер калыптанды, жыл өткөн сайын улам кыйла мазмундуу болуп жана өнүгүп-өсүп бара жатат.

Региондун негизги маселелерин чечүүгө жалпы көз караштарды бириктирген кыргыз-тажик мамилелери элдерибиздин жана мамлекеттерибиздин кызыкчылыгында мындан ары да өнүгүп жана бекемделе берерине ишенем.

Сизге чын жүрөктөн чың ден соолук жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде зор ийгиликтерди, ал эми бир тууган Тажикстан элине – тынчтык, бакубаттык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм. 

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 14-январь