Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жөнөттү

Бүгүн, 2013-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасыын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондон эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизге жана Сиз аркылуу бир тууган Кыргызстан элине өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жөнөтүү мага зор ырахат тартуулайт.

Биз үчүн тарыхый окуядан кийин өткөн жылдар ичинде Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасы кылымдардан бери келе жаткан достук, жакшы коңшулаштык жана өз элдерибиздин ортосунда ак ниеттүүлүк салттарыбызды ырааттуу өнүктүргөндүгүбүз кубанычтуу.

Биз учурда калыптанып калган биздин өлкөлөрүбүздүн өнөктөштүк деңгээлин жогору баалайбыз жана эки мамлекеттин кызыкчылыктары айкалышкан саясый ченемде, коопсуздук чөйрөсүндө, кызматташтыктын экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарында аны мындан ары да кеңейтүү ниетиндебиз.

Биздин мындай умтулууларыбыз эки тараптуу экендигине жана биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык өз ара пайдалуу принцибинин негизинде элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кыйшаюусуз өнүгө берерине мен терең ишенем.

Биздин өлкөлөрүбүздүн мамилелерин жаңы мазмун менен байытуу боюнча мындан аркы да биргелешкен аракеттерге өзүмдүн даяр экендигимди билдирем, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук, бакыт жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине – байгерчилик, тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм.

Чын жүрөктөн,

Эмомали Рахмон”

2013-жыл 14-январь