Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды

Бүгүн, 2013-жылдын 14-январында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Улуттук кеңештин экинчи отурумунда 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды.

Мамлекет башчысы Стратегияда өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык маанилүү идеялар камтылгандыгын белгиледи. Миңдеген кыргызстандыктардын күч-аракети жана жигердүү жарандык позициясы аркасында документ кыйла толукталып иштелип жана жакшыртылган. Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жаңы главалар киргизилген, жаңы бөлүмдөр пайда болгон, күтүлгөн натыйжалар жана өлкөнүн келечеги даана туюндурулган.

“Кыргызстан 2017-жылга карата саясый системасы туруктуу, экономикасы дүркүрөп өнүккөн  жана калктын турмуш деңгээли жогору болгон кубаттуу, демократиялуу мамлекет катары калыптанууга тийиш”, - деп баса белгиледи Президент.

Ошондой эле жакынкы беш жыл ичинде экспорттук потенциалды кеңейтүүнүн эсебинен өлкө регионалдык жана эл аралык рынокко чыгуусу керектиги белгиленди. Республикада он миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ушул максатта Стратегияда Кыргызстандын экономикасын “өнүктүрүүнүн локомотиви” боло турган улуттук долбоорлорду каржылоо булактары жана өлчөмдөрү аныкталган.

“2017-жылга биз “Бизнести жүргүзүү” эл аралык рейтинги боюнча мыкты көрсөткүчтөргө ээ отуз өлкөнүн катарына кирип, экономикалык эркиндик рейтинги боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде лидер болууга тийишпиз. Коррупцияга каршы системалуу күрөш жана көмүскө экономиканы легалдаштыруу 2017-жылга бизди коррупцияны кабылдоо рейтингинде элүү өлкөнүн катарына кошот. Өлкөнүн келечеги кандай болоорун так элестетүү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программаларын натыйжалуу ишке ашыруу менен гана чектелбестен, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүүгө дагы көмөктөшөт. Туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы келечекте өлкөнү ырааттуу өнүктүрүүнүн негизи болуп калууга тийиш”, - деп белгиледи сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле, мамлекет башчысы катары өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуу жөнүндө маселени демилгелөөнү чечкендигин, документ талкууланып жатканда эле Кыргызстанды өнүктүрүү идеясынын айланасында коомубуздун бардык аң-сезимдүү күчтөрүн бириктирүүдө позитивдүү роль ойногондугун баса белгиледи.   

Жыйында төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү: Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку соттун төрайымы Феруза Джамашева, «Ата-Журт» фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев, «СДПК» фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов, «Ата Мекен»  фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, Башкы прокурор Аида Салянова, экономика министри Темир Сариев, Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов, Кыргызстандын эл аралык иштиктүү кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнгатаров, Кыргызстандын ишкерлер Союзунун аткаруучу директору Замир Шайыков, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин президенти Динара Ошурахунова жана “Туруктуу жаратылыш байлыктарын пайдалануу” өкмөттүк эмес коомдук ассоциациясынын төрайымы Елена Родина.

Улуттук кеңештин отурумунун жыйынтыктары боюнча сунушталган пикирлерди жана толуктоолорду эске алуу менен 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды.   

2013-жыл 14-январь