Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаодон ыраазылык кат алды

Бүгүн, 2013-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаодон ыраазылык кат алды.

Каттын тексти:

“Улуу Урматтуум,

Сизге, Улуу Урматтуум, менин 70 жаштык мааракем менен куттуктаганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазылык билдирем.

Акыркы жылдары кытай-кыргыз жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелери ийгиликтүү жана динамикалуу өнүгүүдө. Эки өлкөнүн ортосунда бир-биринин негизги кызыкчылыктарына тийешеси бар маселелерде саясый өз ара ишеним көрсөтүү чыңдалып жана чечкиндүү өз ара колдоо ишке ашырылууда. Тараптар кызматташтыктын бир катар маанилүү долбоорлорун биргелешип жүзөгө ашыруу менен соода-экономикалык чөйрөдө жана унаа тармагында ырааттуу кызматташууда. Тараптар БУУ жана ШКУ сыяктуу көп тараптуу уюмдардын алкагында, ошондой эле региондук иштерде тыгыз тескөө менен өз ара аракеттенишүүдө. КЭР менен КРдин ортосунда жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтыкта болуу эки өлкөнүн тең түпкү кызыкчылыктарын коргоого пайда алып келет жана региондогу туруктуулукка жана өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Өткөн жылдын июнунда Сиздин ШКУнун Пекин саммитине катышууңуз менен Кытайга болгон сапарыңыздын жүрүшүндө биздин ортобузда натыйжалуу сүйлөшүүлөр болгон эле, анда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча жаңы чаралар жана мерчемдер иштелип чыккан. Мен Сиздин кытай-кыргыз мамилелерин  өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымыңызды жогору баалайм жана ортобузда калыптанып калган жагымдуу иштиктүү мамилелерибизди жана жеке достугубузду кастарлайм.

Кытай тарап Кыргызстан менен мамилелерге чоң маани берет жана Кыргызстанга карата жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык саясатын бекем карманат. Кытай Кыргызстан менен бирге саясый өз ара ишеним көрсөтүүнү үзгүлтүксүз чыңдоого, эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр.

Сизге, Улуу Урматтуум, чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм.

Дос Кыргызстанга гүлдөп-өсүүнү, ал эми анын элине байгерчиликти каалайм.

Кытай Эл Республикасынын

Төрагасы                                                                                           Ху Цзиньтао”

2013-жыл 12-январь