Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азиядагы иштер боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азиядагы иштер  боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыгуу туудурган чөйрөлөрдө Кыргызстан менен АКШнын ортосунда эки тараптуу кызматташуу маселелеринин келечеги талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылган 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы  кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Роберт Блейк Стратегияда өлкөнүн экономикасын  өнүктүрүүнүн жакшы аспекттери бар экендигин, тактап айтканда, чет элдик инвесторлорго инвестициялык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн белгиледи.

«Манас» эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

2013-жыл 16-январь