Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын эксперт-докладчысын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) эксперт-докладчысы Мевлют Чавушоглуну кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын  кызматташуусунун келечектүү маселелери талкууланды.

Тараптар  Кыргызстан менен ПАСЕнин ортосундагы өз ара кызматташуусунун жакшы динамикасын белгилешти.

2013-жыл 17-январь