Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сапар Исаков: «Баткен облусунда чек ара окуясынын тегерегиндеги проблемаларды адилеттүү чечүү боюнча мындан аркы кадамдар сабырдуулукту жана оор басырыктуулукту талап кылат»

2013-жылдын 5-7-январында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун чек ара аймагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын катышуусу менен окуя катталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун сөзүнө караганда: 

Кыргыз жана өзбек тараптар Баткен облусунун чек арадагы окуянын алгачкы сааттарынан тартып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп, жумушту улантууда. Чек ара проблемаларын, ошондой эле ушул окуя боюнча ишти адилеттүү чечүү боюнча мындан аркы кадамдар сабырдуулукту жана оор басырыктуулукту талап кылат.

Ушул окуяны иликтөө үчүн кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссия түзүлдү. Келтирилген чыгымды төлөп берүү жана Чарбак айылынын тургундарына карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдарды жазага тартуу боюнча кыргыз тарабынан тиешелүү талаптар коюлду. Эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары ортосунда бир нече ирет жолугушуулар өткөрүлдү. Сүйлөшүү процесси улантылууда. Учурда Кыргыз Республикасынын 12 жаранынын тарткан чыгымы төлөнүп берилди, калгандарынын тарткан чыгымдары эсептелип жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 9-январында кыргыз тарап жалпыга маалымдоо каражаттарында болгон окуяны ар кандай чечмелеген бир катар материалдар жарык көргөндөн кийин, өзбек тарапты биргелешкен иликтөө аяктагыча ар кандай баа берүүдөн баш тартууга чакырган. Расмий Ташкент муну түшүнүү менен кабыл алды.

Кыргыз тарап дагы мына ушул милдеттенмелерди жетекке алууда. Ошону менен бирге, акыркы күндөрү, проблемалар жаныдан чечиле баштаганда айрым коомдук ишмерлер менен Жогорку Кеңештин депутаттары жагдайды жөнгө салуу саясатына жана чек арага канатташ жашаган калктын турмушун жакшы нукка салууга кедергисин тийгизген олдоксон пикирлерин айтып жиберишүүдө. Расмий Бишкек адамдардын кайгысын жана кыйчалыш абалын утурумдук саясый тар кызыкчылыкта пайдаланууну жоопкерчиликсиз жана майнапсыз деп эсептейт. Муну Кыргызстандын чек арага канатташ жайгашкан айылдардын элинин чакырыктары дагы таасын айгинелеп турат.

Кыргыз тарап өзбек тарап менен буга чейин жетишилген макулдашууларга таянып, бул окуяны кароодо обьективдүү мамиле жасоого умтулууда.

Мына ушуга байланыштуу депутаттар жана коомдук ишмерлер сүйлөшүү процесстери аяктагыча жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыктары боюнча толук маалымат берилгиче жоопкерчиликти сезүү менен сабырдуулук кылып, коомчулукка ар кандай комментарий  жана баа берүүдөн баш тартканы максатка ылайыктуу болоор эле.

 

2013-жыл 17-январь