Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылышаземине катышты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жана прокуратура органдарынын кызматкерлерин бул окуя менен куттуктады. 

“Бул жерде жакшы иштегенге бардык шарттар түзүлгөнү көрүнүп турат. Мурдагы президентке, анын үй-бүлөсүнө арналып курула баштаган имарат татыктуу ээсин таап, эми мамлекетке кызмат кылганы жакшы жышаан”,- деп белгиледи Президент.

Башкы прокуратура өлкөнүн укук коргоо системасынын олуттуу мекемесине айлангандыгы белгиленди. Ал жарандарыбыздын укугун коргоого, кылмыштуулук менен коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүүгө жана мыйзамдуулукту чыңдоого жөндөмдүү болуп калды.

Мамлекет башчысы прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукка көзөмөлдүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, жаңыча иштөөгө чакырды.

“Башкы прокуратура коррупция менен күрөштү улантып, мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого тийиш”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев сөзүнүн аягында.

Ачылыш аземинде өлкөнүн башкы көзөмөл органынын прокуратуранын регионалдык башкармалыктары менен видеоконференцбайланыштарды өткөрүү үчүн түзүлгөн ресурстук борборунун да бет ачары өткөрүлдү.

Ачылыш аземине КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева, Башкы прокурор Аида Салянова, Жогорку Кеңештин депутаттары, республиканын укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

 

2013-жыл 19-январь