Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Барак Обаманы ант бергенден кийин кызматына расмий киришүүсү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага АКШ Президентинин кызматына экинчи мөөнөткө расмий киришип жаткандыгына (инаугурациясына) байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу Урматтуу,

 Сиздин Америка Кошмо Штаттарынын Президенти кызматына киришип жаткандыгыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз.

Өткөн шайлоонун жыйынтыгы АКШнын жарандарынын Сизге абдан зор ишеними бар экенин күбөлөдү. Бул ишеним Сизге ички жана тышкы саясат боюнча Сиздердин өлкөнүн алдында турган мерчемдерди ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн күч берерине ишенем.

Кыргыз Республикасы демократиялык реформаларды жүргүзүүдө жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууда Америка Кошмо Штаттарынын жардамын жана олуттуу колдоосун жогору баалайт. Кыргыз-америкалык эки тараптуу кызматташуунун чектелбеген потенциалы мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгынын урматына чыңдала берет деген үмүттөмүн.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Президент мырза, бакубаттык жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын бизге дос элине - тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм. 

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 22-январь