Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Баткен облусунун чек ара райондорунда жагдайды турукташтыруу жана тургундарына жардам көрсөтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда Баткен облусунун чек ара райондорунда жагдайды турукташтыруу жана тургундарына жардам көрсөтүү боюнча 2013-жылдын 6-январында берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматы угулду. 

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы жогоруда аталган райондордун тургундарына социалдык, медициналык, гуманитардык жана башка жардамдарды жигердештирүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун чек ара райондорунун тургундары арасында жагдайды турукташтыруу боюнча өзбек тарап менен бирдикте көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштерин   активдүү жүргүзүп туруунун зарылдыгын баса белгиледи. 

2013-жыл 28-январь