Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Борбордук Азиядагы БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын регионалдык өкүлү, регионалдык координаторун кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Алмазбек Атамбаев Борбордук Азиядагы БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын регионалдык өкүлү, регионалдык координатору Сабера Азамды кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын мындан аркы өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

 “2010-жылдагы кайгылуу окуялардын тушунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгына ыраазычылык билдиргим келет. Ушунун өзү БУУ качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп турат. Биз мындан ары дагы сиздер менен кызматташууга даярбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Сабер Азам мындай деп белгиледи: “Биз үчүн Кыргызстан региондогу качкындарды коргоонун флагманы болуп эсептелет. Биз Борбордук Азияда стабилдүүлүктү чыңдоодо жана өнүгүүдө Кыргызстан өзгөчө мааниге ээ деп эсептейбиз”.

 

2013-жыл 28-январь