Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Ислам Каримовду 75 жаш мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовго 75 жаш мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Куттуктоодо мындай деп айтылган:

“Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстан көз карандысыздык жылдары ичинде социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдө, республиканын көп улуттуу элин бириктирүүдө жана эл аралык кадыр-баркын чыңдоодо кыйла ийгиликтерге жетти.

Сиздин мамлекеттик ишмердиктеги эң бай тажрыйбаңыз биздин мамлекеттерибиз ортосундагы жакшы коңшулаштык жана достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт деп ишенем”.

2013-жыл 30-январь