Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмата облусунда болгон авиакыйроого байланыштуу Президент Назарбаевге көңүл айтуу

Бүгүн, 2013-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстанда болуп өткөн авиакыйроого байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү.

Көңүл айтууда  мындай деп белгиленет:

“Алмата облусунунКызылту районунда жүргүнчүлөрдү ташуучу авиалайнер кыйрап, адам өмүрлөрүн алып кеткендиги жөнүндө суук кабарды кайгыруу менен уктум. 

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”.

 

2013-жыл 30-январь