Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ван Кайвэнди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ван Кайвэнди анын дипломатиялык озуйпасынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы жемиштүү иши жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон салмактуу салымы үчүн Элчиге ыраазычылык билдирди.

“Сиздин дипломатиялык ишмердигиңиз убагында өтө чоң иш жасалды. Бул кызматташуунун жаңы этабы болду десек да болот. Мисалы, биздин өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү кыйла өстү. Кыргызстан КЭРден 900 миллион АКШ долларынан ашык жеңилдетилген насыя алды”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Ван Кайвэнь буларды белгиледи: “Акыркы 2-3 жыл ичинде эки тараптуу мамилелер абдан динамикалуу өнүккөндүгүнө мен абдан кубанычтуумун. Эми биз белгиленген долбоорлорду конкреттүү ишке ашырууга өтөбүз деген үмүттөмүн”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 7-февраль