Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 8-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Турсунбек Акунду Акыйкатчы кызматына экинчи мөөнөткө шайланышы менен куттуктады жана укук коргоочу катары иши үчүн ага ыраазылык билдирди.

Президент Омбудсмен түзүмү жалпы Борбордук Азия аймагында таанылган көз карандысыз укук коргоочу институт болуп калгандыгын белгиледи. Бүгүн укук коргоочу органдын укуктук мамлекетти калыптандыруудагы жана коом турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы ролуна баа бербей коюу мүмкүн эмес.

Мамлекет башчысы Омбудсмен институтунан балдардын, улгайган адамдардын, мүмкүндүгү чектелген адамдардын укугун коргоо шарттарына өзгөчө көңүл бурууну, ошондой эле өлкөнүн аймактарында көз карандысыз укук коргоочу түзүмдүн ишин күчөтүүнү, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана иштиктүү жооп берүүнү өтүндү.

“Кыргызстанда укуктук билимди ырааттуу жакшыртууда, мекендештерде укук маданиятын калыптандырууда, мыйзамды бекем сактап жашоо зарылдыгын аңдап-түшүнүүдө Омбудсмендин салымын арттыруу зарыл”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Турсунбек Акун Президентке Омбудсмендин Кыргызстандагы жакынкы мерчемдери жана ишмердигинин келечектери жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 8-февраль