Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдон ыраазычылык кат келди

Бүгүн, 2013-жылдын 8-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдон анын 75 жашын куттуктагандыгына байланыштуу ыраазычылык кат келди.

Каттын тексти:

 “Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Менин туулган күнүмө байланыштуу Сиздин чын жүрөктөн куттуктооңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилимден ыраазымын.

Жагдайдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук, бакубаттык жана Сиздин ишмердигиңизге жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине - прогресс жана гүлдөп-өсүүнү каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 8-февраль