Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстанга Германиядан атайын өкмөттүк эксперттик топтун алдыдагы сапары жөнүндө маселе талкууланды. Бул топ менен жаңы биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.

ФРГдан эксперттер Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин тапшырмасы боюнча келишет. Эксперттердин бул жумушчу сапары жөнүндө макулдашууга 2012-жылдын декабрында Кыргызстандын Президентинин Германияга жасаган  расмий сапарынын учурунда жетишилген.   

Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелерди Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы конкреттүү ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 11-февраль