Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониядагы Кыргызстандын достору менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 28-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын жүрүшүндөЯпониядагы Кыргызстандын достору менен жолугушту.

Жолугушууну ачып, мамлекет башчысы Кыргызстандын достору менен жылуу учурашты жана өлкөбүз Япониянын колдоосун жогору бааларын белгиледи. “Биз эң кыйын мезгилде Япония  2010-жылы Кыргызстанда өз элчилигин ачып, Кыргызстанга колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазыбыз. Бизге Япония канчалык жакын экендигин биз унутпайбыз. Күн чыгыш өлкөсүндө Кыргызстандын ушундай достору бар экендигине биз абдан кубанычтуубуз. Мен Япония элине бакыт жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле экономикалык кызматташтык маселелерине токтолду. “Сырттан караганда эки революцияны баштан кечирген Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо тобокелдүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстан бардык сыноолордон өттү жана турукташуу жана демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Ошондуктан инвестициялык долбоорлорду кылчактабай эле ишке ашыра берсе болот”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде “Мори Траст” корпорациясынын башчысы Мика Мори Президент Алмазбек Атамбаевге Японияга келгендиги үчүн ыраазылык билдирип, Япония менен Кыргызстандын элин бекем достук байланыштырып тургандыгын белгиледи. “Кыйратуучу жер титирөөдөн кийин жеткирилип берилген гуманитардык жардамы үчүн биздин Ассоциация Кыргызстан элине урмат көрсөтүү иретинде Кыргызстанга япониялык сакуранын көчөттөрүн жөнөткөн эле. Мен келечек муундар кыргыз жеринде көптөгөн сакураны көрүшүн тилеймин. Бул дарактын гүлдөрү биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди символдоштурат, биз бул мамилелер мындан ары чыңдалышын гана каалайбыз”, - деп айтты Мика Мори.

Жолугушуудан кийин Президент расмий делегациянын мүчөлөрү менен бирге Япониянын Киото шаарына жөнөп кетти. 

Маалымат иретинде:

Жолугушууда ошондой эле төмөнкүлөр да катышты: Мичио Огимура, ROTOBOнун вице-президенти, “Сумитомо” корпорациясынын Ардактуу кеңешчиси; Шин Маруо, Япониянын Кыргызстандагы 2010-2012-жылдардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Кацухико Касаи, Япониянын Кыргыз Республикасындагы 2005-2008-жылдардагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү; Такаюки Коике, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (2013-жылдын январында дайындалган); профессор  Тошихиро Накаджима, “Дайичи Рихабири Бёин” клиникасынын башчысы, КР саламаттык сактоо министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси; Мика Мори, “Соя Интернешнл” Ассоциациясынын башчысы, “Мори траст” корпорациясынын башчысы;  Мивако Датэ, “Мори траст” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү; Масахару Мидзусако, “Мидзусако Чикусан” (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү) компаниясынын башчысы, “Кагошима-Кыргызстан” Ассоциациясынын төрагасы; Сумиёши Омурэ, “Кагошима-Кыргызстан” Ассоциациясынын активисти (КРда өкүлчүлүк ачкан); Такуро Сако, Кагошима префектурасынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Кагошима-Кыргызстан” Ассоциациясынын кеңешчиси; Кеничи Ямадзаки, «Перри Рэд» компаниясынын башчысы; Такахито Сасаки, «Технотранс» компаниясынын башчысы; Мицухико Тацуно, «Тацуно» компаниясынын башчысы; Мотонобу Тацуно, «Xin Bridge Corporation» компаниясынын башчысы; Кадзуо Фурукава, Япониянын жаңы энергетикалык жана өнөр жай технологияларын иштеп чыгуу боюнча уюмунун (NEDO) президенти; Ичиро Кумакири, JICAнын  КРдагы мурдагы улук ыктыярдуусу,  КРга инвестициялоо маселелери боюнча консультант; Хиробуми Кавано, мунай, газ жана металлдар боюнча япониялык улуттук корпорациянын (JOGMEC) президенти; Акира Саеки, “Джапан Тобако” компаниясынын вице-президенти; Тецуджи Танака, Кыргызстан менен достук жана кызматташтык коомунун башчысы.

 

2013-жыл 28-февраль