Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евросоюздун Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы эки тарапка тең кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсү жөнүндө айтып, Алмазбек Атамбаев: “Бул маселе боюнча биз Европа союзу менен биргелешип иштейбиз деп ойлойбуз”, -деп баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда конкреттүү биргелешкен долбоорлор боюнча өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Өз кезегинде Патрисия Флор ЕС Кыргызстандын демократияны чыңдоодогу күч-аракеттерин жогору баалаарын белгиледи: “Биз сиздердин өлкөнү Борбор Азиядагы жакшы мисал деп эсептейбиз”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 13-февраль