Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Германия менен кызматташууга үмүт зор”

Бүгүн, 2013-жылдын 14-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүАнтье Леендертсе жетектеген кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча германиялык эксперттик топту кабыл алды.

Германиянын делегациясы Кыргызстанга Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин тапшырмасы менен келген. Бул тууралуу макулдашууга Кыргызстандын Президентинин 2012-жылдын декабрында Германияга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө  жетишилген.  

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуу маселелери биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен талкууланды.

 “Мен Германия менен кызматташууга зор үмүт артам. Өткөн жылдын декабрь айында Германияга жасаган расмий сапардын жүрүшүндө Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук жана Федералдык канцлер Ангела Меркель менен толук түшүнүшкөнүбүзгө ыраазымын. Мындан ары биздин мамилебиз өзгөчө болууга тийиш”, -  деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Антье Леендертсе делегацияны жылуу кабыл алып, көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Эки күндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз кыргыз тарап менен түрдүү тармактарда жакшы натыйжаларга жетишип, биргелешип иштешүүнүн конкреттүү багыттарын аныктап алдык. Биз мамилени мындан ары өнүктүрүп жана чыңдоого кызыкдарбыз. Алгачкы кадам катары биз соода жана инвестиция боюнча жумушчу топтун ишин жандандырууну чечтик. Анын акыркы жыйыны 2002-жылы өткөрүлгөн. Мындан тышкары Кыргызстан менен Германиянын тышкы иштер ведомстволору жыл сайын консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишишти. Анда маданият жана билим берүү жана башка тармактарда кызматташуу боюнча маселелер талкууланат. Быйыл биз Кыргызстандын ТИМин Берлинде мына ушул консультацияларды улантуу максатында чакырдык”.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 13-14-февралында Бишкекте Кыргызстан менен Германиянын эксперттеринин сүйлөшүүлөрү өткөрүлүп, биргелешкен конкреттүү инвестициялык долбоорлор талкууланды. Эки өлкөнүн эксперттик топторунун сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев жетектеди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 14-февраль