Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Өлкөдө жолдорду тосуу - жол берилгис нерсе”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Шамил Атахановго мындан ары өлкөдө көчөлөрдү жана жолдорду тосууга жол бербөө боюнча конкреттүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. “Ошондой эле мыйзамдын түздөн-түз бузуучуларын да, көчөлөрдү тосууга жол берген Бишкек шаарынын ШИИБнын жетекчилигин да жоопкерчиликке тартуу керек”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын ички иштер министрине тапшырмасында.

“Ар кандай жыйындарга, эгерде шаардыктардын  күндөлүк турмушуна тоскоолдук кылбаса гана уруксат берилүүгө тийиш. Инфраструктура жыш жайгашкандыктан, өлкөнүн борборунда жол тосууга жол берүүгө болбойт. Мындай укук эч кимге берилбеш керек”- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Эске салсак, кечээ Президент “Кыргыз РеспубликасынынАдминистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Анда жарандардын эркин жүрүү укуктарын коргоо күчөтүлгөн. Мындан ары жолду мыйзамсыз тосуу, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери жеке адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салынат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 14-февраль