Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Альтернативалуу жолдун курулушун тездетүү зарыл

Бүгүн, 2013-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктире турган альтернативалуу стратегиялык автожолду куруу маселеси талкууланды.

“Мамлекетибиз үчүн Кыргызстандын түндүк жана түштүк региондорун бириктире турган дагы бир  автожолду куруунун мааниси зор. Биз беш жылдын аралыгында ушул жолду куруп коюшубуз керек”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин Президент бул автотрассанын курулушунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча  тапшырма берген эле.

Министр бул маселе боюнча ведомство азыркы учурда техника-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн зарыл иштерди жүргүзүп жана каржы каражаттарын издеп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Калыкбек Султанов ошону менен бирге буларды белгиледи: «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун курулушун аяктоо алдында турабыз. Аны  бүтүргөн соң стратегиялык жагынан зор мааниге ээ болгон экинчи автожолдун курулушу боюнча долбоорго киришебиз. Жалал-Абад жана Нарын  облустарынын тургундары мындай автотрасса алар үчүн абдан маанилүү экендигин айтышып, жолдун курулушун баштоону өтүнүп жатышат. Пайдалануудагы “Төө-Ашуу” ашуусундагы туннель күнүнө 446 автомобиль өткөрүү үчүн долбоорлонгон. Чындыгында  күнүнө ашуу аркылуу 3000 транспорт өтүп жатат. Ошондуктан жол курулуштарынын шайы келбей жатат”.

Автожолдун курулушу тууралуу кеп кылганда министр, бул өзгөчө маанилүү трассанын узундугу болжол менен 450 км.созулуп, курулуш иштери үч этап менен жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 18-февраль