Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерди Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Ардактуу  кыргызстандыктар!

23-февраль күнү биз жоокерлерибизге, куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине жылуу куттуктоолорду арнайбыз.

Бирок, кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында кыргыз мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин коргоо үчүн аскерлер менен бирге карапайым мекендештерибиз дагы тикесинен тик турган. Элинин эркиндиги, мекенинин көз карандысыздыгы үчүн алар өмүрүн аяган эмес. Алар Кудайдын колдоосу менен элибизди, жерибизди сактап калышкан.

Биз Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандарды, Афганистанда, Баткен коогалаңында курман болгондорду, алыскы 37 - жылы жана 2010-жылдын апрелинде келечек үчүн, Кыргызстандын эркиндиги үчүн кырчындай өмүрүн кыйып, «Ата Бейиттен» жай тапкандарды унутууга акыбыз жок. 

Биздин ыйык милдетибиз – Кыргызстанды сактап калуу.  Элибиз тынчтыкты жана туруктуулукту тилеп турат.

Саясый тирешүүлөрдөн, терс жактарыбыздан: жоопкерсиздиктен, жалкоолуктан, көрө албастыктан, ичи тарлыктан, өзүмчүлдүктөн арылуу мезгили келди. 

Биз биргелешип Мекенди сактоого жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого үйрөнүшүбүз керек.

Биз кыргыз куралдуу күчтөрүн замандын талабына ылайык кылууга бардык күч-аракетти жумшайбыз.  Айрым бир “аскер - сөрөйлөр” үчүн жер карабагыдай болушубуз керек. 

Ардактуу мекендештер!

Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!  Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн эмгектенип жаткан мекендештериме чың ден соолук, бакыт-таалай, токчулук жана тынчтык каалайм!  

Бул күн туулган жерге болгон сүйүүнүн жана ыйык милдет - Мекенди коргоонун жаркын майрамы болуп кала берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                             Алмазбек  Атамбаев

2013-жыл 22-февраль