Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэрине мугалимдердин айлык акысы өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго мугалимдердин айлык акылары өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылып, бул маселени жеке көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берди.

“Шаардын бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэриясынын кызматкерлери  айлык акысын алышы керек деп эсептейм”,- деп баса белгиленет мамлекет башчысынын тапшырмасында.

Казначействонун маалыматына караганда шаардын мугалимдерине декабрь айынын айлык акысын төлөө үстүбүздөгү жылдын 21-январына чейин созулган. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын райондук администрациялары, мэриясы «Айлык акы» беренеси боюнча декабрь айынын маянасы 2012-жылдын 25-декабрына чейин эле  толук  каржыланган.

2011-жылы мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы киргизилген. Бирок, Президент белгилегендей, система борбор шаарда дээрлик иштебей калган.

Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасында мындай деп белгиленет:

 “Бишкек шаарындагы мектеп мугалимдеринин көптөгөн ачык кайрылуулары айлык акынын жогорулашын сезбей калгандыгын ырастап турат. Айрым учурларда  мугалимдер мурдагы айлык акысынан аз акча алып калышкан. Талдоо көрсөткөндөй, мындай жагдай Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлиги эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү менен бирге жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөөнү жоюу маселеси боюнча өз ара макулдашылбай калган аракетинен улам орун алган”.

Мугалимдердин айлык акысын төлөө маселеси боюнча тынчсыздануу менен мамлекет башчысы мындай деп белгиледи: “Учурда коом жана мезгил  мугалимдерге карата жогорку талаптарды коюуда. Бирок, эгерде биз алардын иштеши үчүн элементардуу шарттарды түзө албасак, эч бир талап аткарылбайт”.

Ушуга байланыштуу Президент Бишкектин мэрине мындай тапшырма берди:

-         шаардык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн приоритеттүү багыттарын кечиктирбестен аныктап, ага мугалимдердин айлык акысын өз убагында финансылоо маселеси киргизилсин;

-         мугалимдердин айлык акысын төлөө маселеси жеке көзөмөлүңүзгө алынсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 19-февраль